Жыл аягына чейин Казакстандын экономикасы болжол менен 5%га өсөт. Бул тууралуу Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун божомолунда айтылат. Бирок, өлкөнүн ИДӨсү 2027-жылга чейин 4,3%га чейин басаңдашы мүмкүн. Ага карабастан, серепчилер, каржылык туруктуулукка олуттуу коркунуч жок дешет. Жалпысынан өлкөбүздүн экономикасы тышкы таасирлерге туруктуу. Өсүштүн негизги кыймылдаткыч күчтөрүнүн арасында транспорт, тоо-кен казып алуу жана кайра иштетүү өнөр жайлары, ошондой эле курулуш тармагы бар.
Сергей Улатов, Евразиялык
турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун башкы экономисти:
- Негизги өсүш булактары болуп ички
суроо-талап, керектөө жана инвестициялык суроо-талап саналат. Казакстан
Республикасында бюджеттик саясат аркылуу стимулдаштырылган инвестициялык
суроо-талап өсүштүн негизги булагы болуп саналат. Мындан тышкары, Казакстанда өсүштүн
маанилүү фактору болуп энергетикалык сектор да эсептелет. Ошондуктан, биз
энергетикалык ресурстар рыногунда, өзгөчө мунай рыногунда, мунайдын баасы жана
мунайга болгон суроо-талап менен эмне болуп жатканын тыкыр көзөмөлдөп турабыз. Демек,
туруктуу экономикалык өсүшкө таасир эте турган факторлордун бири - бул жаңы
мунай кендеринде өндүрүш жүргүзүү.
Которгон: Назира Бегалиева

