Казакстан менен Татарстандын ортосундагы экономикалык кызматташтык оң темп менен өнүгүп жатат. Өткөн жылы эки өлкөнүн өз ара соодасы 423 миллион долларды түзсө, ушул жылдын биринчи жарымында бул көрсөткүч 310 миллионго жакын АКШ долларына жеткен. Татарстан Казакстан менен өнөр жай жана технологиялык кызматташуу боюнча орус субъекттеринин арасында алдыңкы орунда турат.
Фарид Мухаметшин, Татарстандын мамлекеттик кеңешинин төрагасы
- Мен биздин алдыңкы мунай жана автокомпаниялардын жетекчилери менен сүйлөштүм. Алар кызматташтык жана биргелешкен өндүрүш үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча президенттерибиздин келишимдерин аткарып жатабыз - дешти.
Эки өлкө биргелешкен жаңы долбоорлорду ишке ашырат. Азыркы учурда Костанай жана Караганды облустарында автокомпоненттерди жана дөңгөлөктөрдү чыгаруучу үч заводду куруу боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүп жатат.
Ермек Көшербаев, Казакстандын Орусиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси
- Бул долбоорлордун баары учурда Казакстанда ишке ашырылууда. Жаңы жумуш орундары түзүлүп жатат, эң негизгиси локалдаштыруу. Мунай жана газ тармагында бутадиенди өндүрүү боюнча абдан маанилүү долбоорго кол коюлду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков