Казакстанда туристтик аймактарды текшерүү башталды

Казакстанда туристтик аймактарды текшерүү башталды

Өкмөт башчысынын тапшырмасы менен өлкө боюнча эс алуучу жайларга текшерүү башталды. Премьер-министрдин орун басары Ермек Кошербаев Конаев шаарындагы Капчагай суу сактагычына барды. Бул эң популярдуу эс алуучу жайлардын бири. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында жээкке 860 миңден ашык адам келген. Региондо 140 туристтик объект, анын ичинде 8 коммуналдык пляж бар. Премьер-министрдин орун басары объекттердин абалы, пляж жана жол инфраструктурасы, санитардык шарттар, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын даярдыгы менен таанышты. Вице-премьер аймактын акимчилигине ушул жылдын күзүнө чейин түндүк пляжга чейинки жолдун курулушун аяктоону тапшырды. Ермек Кошербаев Алакөл көлүнүн жээгиндеги туристтик инфраструктураны да көрдү. Санитардык абалга, көрктөндүрүүгө жана коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулду. Эске салсак, Алакөлдө масштабдуу реконструкция иштери башталган. Мисалы, Абай облусунун бюджетинен 650 миллион теңгеден ашык каражат бөлүнгөн.

Которгон: Назира Бегалиева