Казакстанда реконструкцияланган магистралдык суу түтүгү пайдаланууга берилди

Казакстанда реконструкцияланган магистралдык суу түтүгү пайдаланууга берилди

Атырау аймагында реконструкцияланган «Астрахань-Маңгышлак» магистралдык суу түтүгү пайдаланууга берилди. Батыш Казакстандын социалдык жана өнөр жайлык өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ долбоор Президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы боюнча жүзөгө ашырылды. Премьер-министр видеобайланыш аркылуу объектти расмий түрдө ишке кошту.  Кеңейтилген комплекс эми Атырау жана Маңгыстау облустарынын калкы менен ишканалары жана айыл чарбачылыгы үчүн кошумча 60 миң куб метр суу бөлүштүрүүчү булакка айланат. Суу түтүгүнүн өткөрүү жөндөмдүүлүгү суткасына 110дон 170 миң кубометрге чейин көбөйтүлдү. Бул аймактагы аталган багытта ишке ашырылып жаткан жалгыз ири долбоор эмес. Облуста жалпы кубаттуулугу 50 миң кубометрлик сууну тузсуздандыруу заводу курулуп жатат. Ал жерден Жаңаөзен шаарына магистралдык суу түтүктөрү тартылат. Мындан тышкары, «Каспий» суу менен камсыз кылуу заводун жаңыртуу иштери жүрүп жатат. Натыйжада анын кубаттуулугу 2 эсеге, башкача айтканда 40 миң куб метрге чейин артат. Белгилей кетсек, Өкмөт 2026-жылга чейин калкты жана өнөр жай объекттерин туруктуу суу булактары менен камсыз кылууну көздөп жатат.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков