Шотландияда казак музыкасы жаңырды. EEGERU заманбап музыкалык ансамбли дүйнөдөгү эң ири Edinburgh Fringe искусство фестивалына катышты. Концерттик программада музыканттар казакстандык жана чет элдик композиторлор Куат Шилдебаев менен Артык Токсанбайдын чыгармаларын тартуулашты. Алардын арасында ансамбль үчүн атайын Алматыга арналып жазылган Клэр Джонстондун жаңы композициясы бар. Эскерте кетсек, иш-чарага салттуу түрдө эки миллионго жакын көрүүчү келет. Фестиваль тогуздун айында үч жума бою Эдинбургдун ар кайсы жерлеринде өтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков.