Казакстанда туруктуу каржылоо рыногунун дарамети өсүүдө. Азыр анын көлөмү 250 миллион доллардан ашат. Астана эл аралык каржы борборунун аймагында жакында түзүлгөн Түркия Жашыл Каржы Кеңеши бул чекти эки эсеге көбөйтүүгө жана каржылоо чөйрөсүн кеңейтүүгө багытталган. Буга байланыштуу айта кетсек, Казакстан президентинин демилгеси менен түзүлгөн кеңешке өлкөдөн башка дагы 6 мамлекет кошулган. Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Венгрия жана Түркмөнстан. Акыркы эки өлкө мүчөлүктөн тышкары байкоочу катары да кызматын аткарат. Ассоциациянын милдети – катышуучу өлкөлөрдө жашыл каржылоону өнүктүрүү, экологиялык жана социалдык долбоорлорго инвестициянын агымын көбөйтүү болуп саналат.
Асель Нурахметова, АЭКБнун жашыл каржы борбору мудүрүнүн орун басары:
Жашыл каржылоо кеңешинин катчылыгы Астана эл аралык каржы борборунун Жашыл каржылоо борборунда жайгашат. Аны түзүүнүн негизги максаты экологиялык жана социалдык долбоорлорду каржылоо, туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу, Париж келишимине ылайык иш алып баруу, көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү үчүн Түрк мамлекеттеринин уюмунун аймагына инвестиция агымын көбөйтүү болуп саналат. Ал үчүн атайын аянтча керек. Ошондуктан ушундай биргелешкен чечим кабыл алынды.
Кеңештин катчылыгынын кызматы - Жашыл каржылоо борборуна жүктөлдү. Бул тандоо бекеринен жасалган жок. Себеби Борбор Азия жана Чыгыш Европа аймагында глобалдык жашыл каржы индекси боюнча аталган борбор алдыңкы орунда турат. Кеңешке ар бир мүчө-өлкөнүн атынан жеке каржылык институттар жана мекемелер көрсөтүлөт.
Асель Нурахметова, АЭКБнун жашыл каржы борбору мудүрүнүн орун басары:
Маселен, Венгрияда бул ишти ошол өлкөнүн Борбордук банкы, Кыргыз Республикасында Кыргызстан банктар союзу, Азербайжанда Улуттук экономика министрлиги жүргүзөт. Башкача айтканда, ар бир өлкөдө бул ишти аткарган ар кандай каржы институттары жана мамлекеттик органдар бар. Алардын баары жалпы ишти биринчи кезекте өз өлкөлөрүнүн деңгээлинде алга жылдырышат. Кийин бул уюмдардын демилгелери аймактык кеңеш тарабынан эл аралык деңгээлде иштелип чыгат. Себеби, ар бир тарап менен тыгыз байланыш бар. Андыктан жалпы чечимге ар ким өз салымын кошот. Жашыл каржы кеңеши социалдык байланыштар менен бирге туруктуу каржы рыногунун өсүшүнө жол ачат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков