Жаңы курулган Абай облусунда Иртыш дарыясы аркылуу кеме жүргүзүүнү жандандыруу көздөлүүдө. Жергиликтүү бийлик тарабынан суу логистикалык аймактардын кирешелүүлүгү, транзиттик жана соода жүгүртүүнүн көлөмдөрү изилденүүгө алынууда. Экономист Аскат Дүйсембаев дарыя менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну уюштуруу зарыл - деп эсептейт. Дарыяны натыйжалуу пайдалануу бир эле учурда 3 ири шаардын: Семей, Усть-Каменогорск жана Павлодардын экономикасынын өнүгүшүнө түрткү берээрин белгиледи. Эске сала кетсек, Иртыш дарыясын бойлой 2 миллиондон ашык казакстандык, 5 миллион орус жана 25 миллион кытай калкы жашайт.
Аскат Дүйсембаев, экономист:
- Иртыш үч мамлекеттин аймагын басып өтөт. Дарыя Кытайдан башат алып узундугу 523 км. Казакстан жана Орусия аркылуу агат. Эмне үчүн биз аны колдонбошубуз керек? Аны колдонуу бир эле учурда бир нече шаардын өнүгүүсүнө алып келет, жумуш орундары пайда болуп, экономика өсөт.
Бүгүнкү күнү Казахстанда кеме оңдой турган 3 завод бар. Алардын бирөө Семейде. Ишкананын жетекчиси, эгерде тиешелүү талап болсо өндүрүш масштабдарын жогорулатууга даяр.
Амир Ахметзянов, кеме оңдоо заводунун директорунун орун басары:
- Биз буюртма ала алабыз, дареметибизди дагы жогорулата алабыз. Дүйнөдө болуп жаткан акыркы окуяларды эске алганда, транспорттук ташып жеткирүүнү өнүктүрүү биздин экономика үчүн негизгилердин, жада калса стратегиялык милдеттердин бири - деп айтаар элем.
Облустук бийлик кеме жүргүзүүнү жандандыруу долбоорун колдоого даяр инвесторлор бар экенин билдирди. Бирок, Иртышта кемелер качан сүзө баштаарынын так мөөнөтүн азырынча эч ким айта элек.
Которгон: Нурлан Досалиев