Балдардын улуттук баалуулуктарын сиңирип, аларды мекенчилдикке, жаратылышка аяр мамилеге тарбиялоо - мыкты демилге. Атырау облусунда улуттук каада-салтты даңазалаган этнопарк ачылды. Улуттук стилдеги парк шаар тургундарынын жана конокторунун көңүлүн бурду.
БЛИЦ:
- Мында бүткүл казак маданияты көрсөтүлгөн, боз үйлөрдүн ичин да көрүүгө болот.
- Алтыбакан менен боз үйдү көрдүм.
- Бул жерге досторуңуз менен келип, элдик маданиятты, боз үйлөрдү көрүп, паркта сейилдөөгө болот.
- Мага жакканы алтыбакан. Боз үйлөр – кооз. Анан мага ырлары, жаа атуу дагы жакты.
Этнопарктын аймагында балдар аянтчаларынан тышкары жергиликтүү чеберлердин колунан жасалган түрдүү улуттук буюмдарды көрүүгө болот. Ошондой эле, ат минүү, аркан тартыш, жаа атуу сыяктуу улуттук спорттун түрлөрү менен алектенүүгө да шарттар түзүлгөн. Бул жерде жуманын ар бир күнү белгилүү бир темага арналган.
Гүлжан Күзекешева, Долбоор жетекчиси:
- Калктын кызыгуусу жакшы. Карыларыбыз азайып баратат. Азыркы балдар биздин байыркы замандагы колдонгон дүнүйөлөрүбүздү тааныбайт. Аны атадан балага мурас кылуу максатында өзүбүз салтыбызды, үрп-адатыбызды, тарыхыбызды ушул жерде жайылтуу аркылуу, жаштарыбызды мекенге болгон сүйүүсүн ойготуу.
Өтешкали Амиров, Еркинкала районунун тургуну:
- Салт-санаа, биздин казак менталитетибиз ар түрдүү салттарды чагылдырган жер. Мен Еркинкала айылында турам. Келгениме кубанычтамын. Ушул өсүп келе жаткан муун, балдар, баарыбыз салтыбызды көрсөтсөк, тарыхыбызды билгенибизге абдан кубанабыз.
Атырау облусунун ички туризмди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү жетиштүү. Буга чейин атыраулыктар жана шаар коноктору «Акжайык» коругуна жана Каспий деңизине барышса, эми ага дагы бир сонун көргөзмө аянты кошулду. Райондун 2025-жылга чейинки социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн комплекстүү планына ылайык, дагы 9 долбоорду ишке ашыруу мерчемделип жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков