Караганды облусунун жылытуу мезгилине даярдыгы текшерилди

Караганды облусунун жылытуу мезгилине даярдыгы текшерилди

Темиртау ЖЭБинде үч от казандын жана үч турбинаны оңдоо иштери аяктоо алдында турат. Ал эми жетинчи казанды куруу боюнча маанилүү долбоорду ишке ашыруу кечеңдеп жатат. Башкы директор маселе жумушчу күчүнүн жетишсиздигинде экенин айтат. Караганды облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын биринчи вице-премьер-министри жылуулук булактарын жана тармактарын модернизациялоонун жүрүшү менен таанышты. Ал оор сезонго даярдыктарды өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүнү тапшырды. Темиртауда Роман Склярга жылуулук тармактарын оңдоо боюнча программа сунушталды. Шаардагы эскилиги жеткен жылуулук тармактарынын бардык тетиктери реконструкцияланууда. Бул иштер жылытуу мезгили башталганга чейин бүтүшү керек. Биринчи вице-премьер-министр облустун башка бир катар энергия булактарында болду. Топар, Шахтинск, Карагандыга барды. Ушул  жылы «Караганды энергоорталык» ишканасынын 1 жана 3-ГЭСтеринде 16 казан жана 10 турбина ремонттолот. Кийинки компанияда оңдоо программасынын жалпы баасы 13 миллиард теңгеден ашат. Роман Склярга ошондой эле 3-жылуулук алмаштыргычтын курулушунун жүрүшү жөнүндө айтып беришти. Аны ишке ашыруу жылуулук менен камсыздоо системасын жакшыртууга жана шаардын жаңы объектилерин жылуулук менен камсыздоого мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков