Депутаттар: Казакстан демократиялык институттарды бекемдөөгө так багыт алды

Депутаттар: Казакстан демократиялык институттарды бекемдөөгө так багыт алды

Казакстандын парламентарийлери АЭС куруу маселеси боюнча референдумду тарыхый окуя деп аташты. Анткени өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү үчүн мындай маанилүү маселе биринчи жолу жалпы улуттук добуш берүүгө коюлду. 

Мажилистин депутаты Асхат Рахимжанов мындай чечим казакстандыктар жогорку активдүүлүк менен элдин өзү үчүн канчалык маанилүү экенин көрсөттү деп ишенет.

Асхат Рахимжанов, Парламент мажилисинин депутаты:

– Бул Казакстан демократиялык институттарды күчөтүүгө так багыт алганын айгинелейт. Референдум-бул түздөн-түз демократия институту, ачык айтып, элдин өз эркин билдирүү жана өлкөнүн келечегин аныктоо жагынан мамлекетти башкарууга канчалык даяр экенин көрсөтүүчү жараян.

Мажилистин дагы бир депутаты Ерлан Саировдун пикиринде, казакстандыктар өлкөнүн келечеги үчүн добуш берүү укугун ишке ашырышты. Алар прогрессти жана өнүгүүнү тандашты.

Ерлан Саиров, Парламент мажилисинин депутаты:

– Бул референдум өлкөдөгү плюрализмдин жана чыныгы демократиянын өнүгүшүн чагылдырган. Менин оюмча, ал Казакстанда атомдук станциянын курулушу тууралуу суроого гана жооп бербестен, жакынкы кылымдарда өлкөнүн өнүгүүсү кандай болорун да айкындайт. Ал эми мындай маселелерде сөзсүз түрдө элдин макулдугу керек. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков