Сенат президенттин кайрылуусун ишке ашырууга колдоо көрсөтөт

Сенат президенттин кайрылуусун ишке ашырууга колдоо көрсөтөт

Парламент депутаттары Казакстан Президентинин Кайрылуусун ишке ашыруу боюнча ишке жигердүү катышууну көздөшүүдө. Сенатта Касым-Жомарт Токаев койгон милдеттер жашоонун бардык чөйрөлөрүн жаңылоого, экономиканы чыңдоого жана социалдык саясатты күчөтүүгө багытталганын белгилешти. Мамлекет башчысы өлкөдөгү өзгөрүүлөрдүн негизги куралы болууга тийиш болгон санариптик технологияларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду. Сенаттын спикери палатанын ишинин артыкчылыгы Кайрылууну сапаттуу мыйзамдык колдоо, Санариптик жана Курулуш кодекстерин кошо алганда, ченемдик актыларды өз убагында кароо жана кабыл алуу экенин баса белгиледи. Ошондой эле Маулен Ашимбаев кесиптештерин Алатау шаарынын өзгөчө макамы тууралуу мыйзамды иштеп чыгуу, «Мамлекеттик мүлк жөнүндө» мыйзамды жаңыртуу, парламенттик реформаны ишке ашыруу боюнча күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды. Сенаттын төрагасы инновацияларды киргизүү жана заманбап мамлекетти куруу үчүн ишенимдүү пайдубал ушундай аракеттер менен гана түзүлүшү мүмкүн экенин баса белгиледи. 

Маулен Ашимбаев, Парламент сенатынын төрагасы: 

- Өлкөнүн Президенти Касым-Жомарт Токаев тарабынан Казакстанды үч жылдын ичинде толук кандуу санариптик өлкөгө айландыруу боюнча стратегиялык маанилүү милдет коюлду. Бул багытта Парламенттин алдында тиешелүү мыйзамдык базаны түзүү боюнча маанилүү милдет турат. Баарынан мурда, биз Санариптик кодексти сапаттуу карап чыгууну жана өз убагында кабыл алууну камсыз кылышыбыз керек. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков