«Казакстан чет элдик маалымат каражаттарынын көзү менен» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо

Астанада 9-жолу өтүп жаткан «Казакстан чет элдик маалымат каражаттарынын көзү менен» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Сыйлыкты тапшыруу аземи республиканын Тышкы иштер министрлигинде өттү. Азербайжан, Бразилия, Египет, Испания, Италия, Кыргызстан, Орусия жана Жапония журналисттеринин эмгектери мыкты деп табылды.

Милтон Атанзио, журналист, Бразилия:

– Биз Бразилиянын Эл аралык мамилелер боюнча журналисттер ассоциациясынын өкүлү катары жеңишибизге кубанычтабыз. Биз үчүн бул эл аралык таанылуу гана эмес, биздин Ассоциациябыздын принциптерин жана этикасын туура карманганыбыздын далили. Казакстан менен Бразилиянын ортосунда тыгыз эки тараптуу мамилелер түзүлүп, ал күн сайын өнүгүп, биздин тышкы соодабызды, ошондой эле дипломатиялык мамилелерди чыңдоодо. Өлкөдө өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакыруу үчүн ыраазычылык билдирем.

Даниэла Брикка, журналист, Италия:

– Бул менин сиздердин өлкөгө экинчи сапарым. Ал эми мага Казакстан жаратылышынын кооздугу, тоо пейзаждары жана кызыктуу капчыгайлары бар өлкө экени жагат. Мен бул жерде көбүрөөк убакыт өткөргүм келет. Бул сыйлык үчүн чоң рахмат, мен абдан кубанычтамын.

Сынакка катышуу үчүн жалпысынан 30 өлкөдөн 80ден ашык ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер арыз тапшырышкан. Өздөрүнүн өзгөчө материалдарында алар Казакстандын тарыхынан, маданиятынан, билим берүүсүнөн, туризминен жана улуттук тамак-ашынан тарта инвестициялык дараметке жана эл аралык мамилелерге чейин ар түрдүү тармактарды камтыган. Калыстар тобу 8 номинация боюнча 8 мыкты чыгарманы тандап алышты.

Фатма Бадауи, журналист, Египет:

– Бул менин Казакстанга үчүнчү сапарым. Менин макалам Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнүн журналисттеринин эмгектеринин ичинен эң мыкты деп табылганына абдан кубанычтамын жана сыймыктанам. Мен Казакстан жөнүндө көп макала жаздым. Андан кийин Казакстандын Египеттеги элчилиги Фейсбуктагы расмий баракчасына аларды жарыялады. Казакстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрөт деп ишенем.

Сынактын жеңүүчүлөрүн салт боюнча өлкөгө саякат, борбор калаага гана эмес, ошондой эле популярдуу туристтик жерлерге – Алматыга жана Мангыстау облусуна баруу шыктандырды. Муну менен катар V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чет элдик коноктор чакырылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков