К. Токаев Давосто дүйнө лидерлери менен жолугушту

К. Токаев Давосто дүйнө лидерлери менен жолугушту

Давосто Тынчтык кеңешинин уставына кол коюу аземинин жүрүшүндө Касым-Жомарт Токаев менен Дональд Трамп кыскача баарлашты. Акорданын басма сөз кызматы сүйлөшүүнүн мазмунуна комментарий берди. Маалым болгондой, Казакстандын Президенти америкалык лидердин көңүлүн Давос форумунда таратылган «Президент Дональд Трамптын 365 күндүн ичиндеги 365 жеңиши» аттуу расмий документте 177-жеңиш катары Казакстандын Авраам келишимине кошулганы белгиленгенине бурду. Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев америкалык лидерге «акылга сыярлык» ички саясатты жүргүзүүдө ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде Дональд Трамп Мамлекет башчысына Тынчтык кеңешин түзүү боюнча демилгесин колдогону үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, Давосто Казакстандын Президенти Армениянын Президенти жана Премьер-министри, Индонезиянын Президенти, Глобалдык өзгөрүүлөр институтунун аткаруучу төрагасы, АКШнын Соода министри жана ФИФАнын башчысы менен кыскача баарлашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков