Жумушчу топ Конституциялык реформаны талкуулады

Жумушчу топ Конституциялык реформаны талкуулады

Астанада парламенттик реформа боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп өттү, ага Казакстандын Президенти да катышты. Мамлекеттик кеңешчи өлкө башчысына жумушчу топтун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Ерлан Карин жумушчу топтун мүчөлөрүнүн жалпы көз карашын билдирип, өзгөрүүлөр убакыттын талабына ылайык саясий системаны модернизациялоого көмөктөшөөрүн баса белгиледи. Президенттин укуктук маселелер боюнча жардамчысы Ержан Жиенбаев өткөн жылдын тогуздун айынан бери жыйындарда жаңы бир палаталуу парламенттин ишмердүүлүгү, анын саны, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү, шайлоо тартиби, мыйзам чыгаруу механизмдери, ошондой эле бийликтин башка институттары менен өз ара аракеттенүү маселелери каралганын айтты. Бир нече айдын ичинде бардык жети саясий партия, ондогон өкмөттүк эмес уюм, бизнес-структуралар, укук таануучу окумуштуулар жана адистер конституциялык реформа боюнча демилгелерин жөнөттү. Мындан тышкары, жарандардан конституциялык түзүлүш, саясий жана коомдук институттарды өркүндөтүү боюнча 1500 ашык кайрылуу келип түшкөн. Андан тышкары, казакстандыктар аймактарда депутаттар менен жолугушууларда саясий реформага кызыгуусун билдиришкен. Бул тууралуу саясий партиялардын лидерлери билдиришти. Жыйынтыгын чыгарып жатып, мамлекет башчысы конституциялык реформаны талкуулоо башталгандан бери дээрлик жарым жыл өткөнүн белгиледи. Ушул убакыттын ичинде коомдо өлкөнүн жогорку мыйзам чыгаруу органынын алдыдагы трансформациясынын максаттарын жана милдеттерин туура түшүнүү пайда болду.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Чындыгында өлкөдө сапаттык жактан жаңы саясий модель калыптанууда. Парламенттик реформаны ишке ашыруу Конституциянын бир нече бөлүмүн кайра карап чыгууну талап кылат. Ошондуктан, мурда биздин Башкы мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен, Жумушчу топ сунуштаган түзөтүүлөрдүн долбоору Казакстандын жаңы Конституциясын кароо жөнүндө билдирүүгө мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков