Казакстанда учкучтар менен стюардессалар эл аралык стандарттарга ылайык окутулат. AirAstana авиа компаниясы жакында борбор калаада экипажды өзгөчө кырдаалдарда иштөөгө үйрөтүү үчүн борбордо машыгуу куралдарын ишке киргизди. Башкача айтканда, бортто орун алган коркунучтун алдын алуу жана жүргүнчүлөрдү куткарууга байланыштуу бекитилген инструкцияга ылайык иш жүзүндө аракеттенүүгө үйрөтүлөт. Толук курс бир жарым айга созулат. Белгилей кетсек, улуттук стандарттарга ылайык, экипаж курамы ар бир 3 жыл сайын абада коопсуздук боюнча көндүмдөрүн жогорулатууга тийиш. Өлкөдө биринчи окуу-машыгуу аянтчасы түзүлгөнгө чейин алар жөндөмдөрүн чет өлкөлөрдө жогорулатышкан. Азыр бул кесипкөй чеберчиликти өркүндөтүп, башкаларга үйрөтүүгө да мүмкүнчүлүк бар.
Дамир Турганов, учуу коопсуздугу жана жердеги кызматтарды окутуу боюнча ага менеджери:
- Билим сапаты эч кандай чет элдик үлгүдөн кем калышпайт. Азыр бизде экипажды өркүндөтүүчү өзүбүздүн машыктыруучу бар. Артымда турган машыгуу обьектиси буга чейин жүргүнчүлөрдү ташыган. Башкача айтканда, чыныгы аба транспорту. Колдонуудан чыккан учак атайын даярдыктан өтүү үчүн кайра жабдылган. Биз Казакстандын жана башка өлкөлөрдүн авиакомпаниялары жана жарандык авиация уюмдары менен кызматташууга даярбыз. Бүгүнкү күндө бул багытта сунуштар түшүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков