Казакстанда темир жол каттамы толугу менен калыбына келтирилди. «Казакстан темир жолу» улуттук компаниясынын маалыматы боюнча, Макат, Арал-Теңиз, Бейнеу, Мангыстау, Сөксөөл станциялары ачылды. Ошондой эле, учурда каттам боюнча токтоп калган поезддер өз багыты боюнча жүрүп жатат. «Казакстан темир жолу» ишканасы өткөн күндөрдөгү кечигүүгө байланыштуу графикке өзгөртүүлөр киргизиле тургандыгын билдирди. Эскерте кетсек, бардык багытка чыгуудан баш тарткан жүргүнчүлөргө билет акысы толук кайтарылып берилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков