Ошондой эле экспозицияда казак жазуусунун бүткүл калыптануу тарыхы, анын ичинде руна, байыркы түрк, араб, латын графикасы да коюлган. Көчүрмөлөрдүн арасында Абылай хандын Манчжур императоруна жазган каттары да бар. Ал 1760-жылдан башталат. Экспозициянын уникалдуу нускалары Астанадан алынып келинген. Анткени кээ бир тарыхый документтер чет өлкөлөрдө сакталып калган. Адистердин айтымында, байыркы жазууларды изилдөө тарыхтын жаңы барактарын ачат.
Рүстембек Калимкулов, чөлкөм таануу илимий-изилдөө менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы:
13-кылымда жазылган документтерде «казак» сөзү колдонулганын, анын терминдер сөздүгү уруулук мамлекет болгондугун көрсөтүп турат. Буга далил болгон мындай документтер биздин көргөзмөдө коюлган.
Китептерде диний окуулар, хандардын өмүр баяны, расмий документтер, жада калса сүйүү каттары да бар. Дагы бир сейрек кездешүүчү экспонат – Чыңгыз хандын жана анын урпактарынын сүрөтү түшүрүлгөн байыркы жазма. Көргөзмөгө орто кылымдагы кол жазмаларда коюлган. Расмий документтердин арасында Касым хандын 1200 кол башчысынын сыпаттамасы бар. Алдыдагы убакытта илимпоздор байыркы жазууларды издөө жана изилдөө иштерин улантышат.
Адил-Али Жабыкбай, кол жазмалар менен сейрек китептер улуттук борборунун адиси:
Бизде бул көйгөй бар, нарк маселесинде, китеп көйгөйүндө, анын руханий жандуулугун бүгүнкү күндө улантуу процессинде биз дагы кол жазмаларыбыздын көчүрмөсүн, башкача айтканда, кол жазмалардын жандуулугун технологиялык жактан алыска алып чыгууну максат кылып жатабыз. Бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн полиграфиялык нускасы менен жеткендигин, заманбап версиясы менен биз кээ бир нерселерди көрсөтүп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков