Казакстандык балдар алиппе менен кайрадан кезикти. Беш жылдын ичинде мектеп окуучулары алиппе аркылуу сабаттуу болушат. Окуу китеби илимпоздор менен билим тармагындагы адистердин кылдат талдамасынан өткөн. Андагы окутуунун усулу мурункудан айырмаланбайт, жөнөкөй жана заманбап технология менен жабдылган. Башкача айтканда, QR коддор киргизилип, балага тамгаларды жана сөздөрдү үн аркылуу да жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Елдос Нурланов, РКнын билим мазмунунун талдоо борборунун жетекчиси:
- Бул программа улуу устатыбыз Ахмет Байтурсынов тарабынан иштелип чыккан алфавит ыкмасына негизделген. Оңойдон кыйынга багытталган, тагыраагы биздин балдар үндөрдү, тамгаларды, муундарды, андан кийин сөздөрдү жана сүйлөмдөрдү үйрөнүшөт.
Белгилей кетсек, өткөн жылы аралыктан окутууга карабастан, алиппе пилоттук долбоор катары республиканын 65 мектебинде ишке ашырылган. Тесттен өткөн басмакана эми китеп чыгара баштады. Окуу китептери баш оона айынын ортосуна чейин даярдалып, мектептерге жиберилет. 1-класстын окуучулары «Алиппе» программасы менен окуу жылынын алгачкы эки чейрегинде таанышышат, калган эки чейректе «Эне тили» сабагын окушат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков