Британиянын парламентарийлери менен жолугушууда Казакстандын жаңы саясий моделге өтүү боюнча реформалары талкууланды. Лорддор палатасынын өкүлдөрү супер-президенттик башкаруу системасынан күчтүү президенттик-парламенттик системага өтүү демилгелери боюнча ой бөлүштү. Алар Казакстанда жүрүп жаткан демократиялаштыруу жараяны эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрөөрүн белгилешти. Жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын алкагында өттү.
Лорд Фрэнсис Мод, Улуу Британия парламентинин мүчөсү:
- Акыркы жети жылда Казакстанга бир нече жолу барып, өнүгүү жараянына күбө болдум. Мен реформаларды жолго коюуну өз көзүм менен көрдүм. Негизги маселе – мыйзамдын үстөмдүгү. Биз Казакстандын ийгиликтерин көргүбүз келет.
Сэр Грэм Стюарт Брэди, Улуу Британия парламентинин мүчөсү:
- Мен азыр Казакстандын досторунун катарына кошулуп жатам. Бүгүн менде сиздердин өлкө тууралуу жаңы маалымат алуу үчүн сонун мүмкүнчүлүк бар. Эки өлкөнүн мамилесин мындан ары да чыңдоого салым кошууга ниеттенем.
Которгон: Илгиз Жамалбеков