Январь окуясы: жалпысынан 5 миңден ашык сотко чейинки тергөө иштери катталды

Январь окуясы: жалпысынан 5 миңден ашык сотко чейинки тергөө иштери катталды

Январь окуясындагы башаламандыкка уюшкан кылмыштуу топтор, деструктивдүү диний агымдардын мүчөлөрү жана мурда соттолгон адамдар катышкан. Бул тууралуу брифингде Казакстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын атайын прокурордук кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлыбек Сабитов билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө 5 миңден ашык сотко чейинки тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Маалым болгондой, Алматы, Шымкент, Актөбө, Атырау, Алматы, Жамбыл, Кызылорда жана Чыгыш Казакстан облустарында кыйратуу, мамлекеттик объектилерди өрттөө, мүлктөрдү жок кылуу жана террордук актылар жасалганы белгилүү болду.

Нурлыбек Сабитов, Казакстандын Башкы Прокуратурасынын атайын прокурордук кызматы башчысынын орун басары:

- Бүгүнкү күндө бардык кылмыш иштери боюнча 286 шектүү камакка алынган. Алар имараттарды талкалоого, өрттөөгө, курал-жарактарды уурдоого, мамлекеттик объектилерге жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине куралдуу кол салууга жигердүү катышканы аныкталган. Ар бир кармалган адам үчүн алардын кылмыштарга катыштыгы тууралуу жетиштүү маалыматтар бар. Январь окуясы боюнча жалпысынан 474 кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн.

Башкы прокуратуранын өкүлүнүн айтымында, иштин негизги көлөмү массалык баш аламандыктар жана террордук актылар боюнча жүргүзүлүүдө. Бул иштер боюнча миңден ашык адам шектүү - деп табылып, алардын ар бирин суракка алуу, беттештирүү, жеринде текшерүү жана далилдерди тактоо, башка да комплекстүү тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков