Казакстанда көмүрдөн газ өндүрүүчү завод курулат

Казакстанда көмүрдөн газ өндүрүүчү завод курулат

Караганды облусунда көмүрдөн газ өндүрүүчү завод курулат. Инвестор - кытайлык компания жылына 2 млрд куб метр көгүлтүр отун өндүрөт. «Kаzenergy» ассоциациясынын төрагасынын орун басары Жанболат Сарсенов кара алтынды газга айландыруу технологиясы натыйжалуу болорун айтат. Белгилей кетсек, Казакстан көмүр кору боюнча ири өлкөлөрдүн ондугуна кирет. Бүгүнкү күндө анын көлөмү 33,6 млрд тоннага бааланууда. Өндүрүштү ишке киргизүү жаңы технологияларды тартууга жана өлкөнүн экспорттук дараметин арттырууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө. Экологияга да пайдалуу. Айлана-чөйрөгө зыяндуу калдыктар аз бөлүнөт.

Жанболат Сарсенов, «Kazenergy» ассоциациясынын төрагасынын орун басары:


- Кытайлар убагында көмүргө, көмүр химия дейбиз го, ошого көп күч салган. Ага сууну көп колдонуу керек болот. Ал технология. Аны бүгүн ойлобосок эртең кеч болуп калат. Ага катышып, изилдөө керек. Эми бизде көмүр кору эсепсиз. Албетте, ошондой индустрияны өнүктүрө турган болсок, бизге бир гана пайдасы тиет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков