Казакстан аймактык
экологиялык саммитке даярданууда. Жыйын быйыл чын куран айынын 22-24 аралыгында
Астанада өтөт. Суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов БУУнун
Казакстандагы туруктуу координатору Саранго Раднарагча менен саммитке даярдыкты
талкуулады. Тараптар биргелешкен иш-чаралар жана сунуштарды иштеп чыгуу
маселелерин тактоого макулдашты. Ошондой эле Казакстан Президентинин суу
тармагындагы эл аралык демилгелерин ишке ашыруудагы кызматташтык мүмкүнчүлүгү тууралуу
сөз козголду. Эске сала кетсек, Касым-Жомарт Токаев БУУнун алкагында Эл аралык
суу уюмун түзүүнү сунуштап, Борбордук Азиянын суу пайдалануу боюнча
негиздемелик конвенциясын иштеп чыгуу сыяктуу бир катар глобалдык демилгелерди
көтөргөн болчу.
Нуржан Нуржигитов, Суу
жана ирригация министри:
- Учурда Казакстан
бир катар эл аралык демилгелерди көтөрүп жатат. Алардын бири - Шанхай
кызматташтык уюмунун алкагында суу маселелерин изилдөөчү борбор түзүү. Бул
борбор инженердик чечимдерди иштеп чыгуу, технология алмашуу жана кадрларды
даярдоо багытында конкреттүү иш механизми катары кызмат кылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

