Казакстанда таштандыдан электр энергиясын өндүргөн завод салуу көздөлүүдө

Казакстанда таштандыдан электр энергиясын өндүргөн завод салуу көздөлүүдө

Казакстанда таштандыны энергия булагына айландыруу боюнча инвестициялык долбоор ишке ашырылат. Кытайлык компания Алматыда таштандыларды керекке жаратуучу заводдун курулушуна 270 миллион доллар жумшамакчы. Премьер-Министр инвестор менен жолугуп, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады. Ишкананын курулушун үстүбүздөгү жылдын кулжа айында баштоо пландаштырылууда. Ал суткасына 2 миң тоннага жакын калдыктарды кайра иштетип, 60 МВт электр энергиясын иштеп чыга алат. Инвестор өндүрүштө колдонулган технологиялар экологиялык коопсуздуктун эң жогорку дүйнөлүк стандарттарына жооп берет деп эсептейт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков