Жаңы өндүрүш долбоорлору 3 жылга салыктан бошотулат

Жаңы өндүрүш долбоорлору 3 жылга салыктан бошотулат

Казакстанда инвестициялык келишимдердин жаңы механизмдери ишке кирди. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министринин басма сөз кызматы билдирди. Ага ылайык, резидент эмес инвесторлордон алынган кызмат көрсөтүүлөр үчүн чегерүү көлөмүн чектөө маселеси чечилди. Эми бул чектөө оффшордук компаниялар менен гана жүргүзүлгөн операцияларга тиешелүү болот. Муну менен катар, инвестициялык милдеттенмелер боюнча келишимде салык мыйзамдарынын туруктуулугуна 10 жыл кепилдик берилет. Ал эми комплекстүү долбоорлор боюнча алдыңкы келишимдерди түзүүдө фискалдык шыктандыруу механизмдери киргизилет. Буга кошумча өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу максатында жаңы Салык кодекси иштелип чыкты. Натыйжада салык режимин колдонуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү эки эсеге көбөйүп, 1 миллиондон ашык салык төлөөчү камтылат. Мындан тышкары, өндүрүш тармагындагы жаңы долбоорлор 3 жылга салыктан бошотулат.

Динара Алимова, Премьер-министрдин басма сөз катчысы:
- Ал азыр бизнес-коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен түрдүү ареналарда активдүү талкууланып жатат. Жаңы Салык кодексинин алкагында учурдагы стимулдарды сактоо менен салык төлөөчүгө багытталган кызматты башкаруу модели киргизилет. Салыктык отчёттуулук 30%га, салык төлөмдөрүнүн саны 20%га кыскарат.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков