Курулуш компаниялары ата мекендик курулуш материалдарын колдонууга милдеттүү. Бул тармактагы казакстандык өнүмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү үчүн жасала турганын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мындан тышкары, экспертизадан кийин компанияларды долбоордун жыйынтык инвентаризациясын epsd.kz порталында жарыялоого милдеттендирген нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилди. Бул бюджеттин жана квазимамлекеттик тармактын эсебинен курулган объектилерге гана тиешелүү. Белгилей кетсек, учурда мамлекеттик буйрутма менен 100гө жакын турак жай жана социалдык имараттар салынып жатат. Муну менен катар, курулуш учурунда шайкештик сертификатын колдонуу, сметаларда жана аткарылган иштердин актыларында курулуш материалдары чыгарылган өлкөнү көрсөтүү милдеттүү болуп саналат. Министрликтен билдиришкендей, Курулуш комитети аталган багытта калыптандыруу иштерин аяктады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков