Президент Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Германиянын Федералдык канцлеринин жолугушуусуна катышты

«Борбордук Азия + Германия» форматында көп тараптуу кызматташтыктын тарыхында жаңы этап башталууда. Муну Касым-Жомарт Токаев аймак башчылары менен Германиянын Федералдык канцлеринин жолугушуусунда билдирди. Европа Биримдигинин ири экономикасы болгон Германия менен кеңири өнөктөштүктү орнотуу Казакстан жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн башкы артыкчылык болуп саналат. Жалпы кызыкчылыктарга көңүл буруу менен Президент биргелешип иштөөнүн негизги багыттарына токтолду. Биринчиси: товар жүгүртүүнүн көбөйүшү. Казакстан Германияга товарлардын 100 түрү боюнча экспорттун көлөмүн 850 миллион долларга көбөйтүүгө даяр. Булар негизинен металлургия жана нефтехимия өнөр жайынын өнүмдөрү. Кийинки приоритет-энергетика тармагындагы кызматташтык.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти: 

– Суутек энергетикасы тармагында өз ара пайдалуу кызматташууга даярбыз. Биздин өлкө Өзбекстан жана Азербайжан менен биргеликте Каспий деңизинин түбүнө жана андан ары Европа өлкөлөрүнө жашыл энергияны берүү линиясын куруу долбоорун иштеп чыгууда. Германиялык өнөктөштөргө бул стратегиялык долбоорго катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз.

Мамлекет башчысы өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүнү, анын ичинде Германияга эң маанилүү материалдарды жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү башкы багыттардын бири деп эсептейт. Буга байланыштуу президент европалык өнөктөштөрдүн колдоосу менен сейрек металлдар боюнча аймактык изилдөө борборун түзүүнү сунуштады. Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери менен күрөшүү, экологияны жакшыртуу, суу-энергетикалык тармактын натыйжалуулугун жогорулатуу маселесинде Германия көп жылдардан бери Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ишенимдүү өнөктөшү болуп келе жаткандыгын белгилей кетүү керек.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Казакстан азыр Аралды коргоо боюнча эл аралык фондду жетектейт. Ошол эле учурда Арал деңизи бассейнинин өлкөлөрүнө жардам көрсөтүү боюнча иш-аракеттер программасын жана Борбордук Азияны туруктуу өнүктүрүү үчүн айлана-чөйрөнү коргоонун региондук программасын ишке ашыруунун алкагында өнөктөштүктү активдештирүү сунушталат. Биздин пикирибиз боюнча, фонддун ишмердүүлүгү аймакта туруктуу өнүгүүнү камсыз кылат.

Жолугушуунун жыйынтыгында Борбордук Азия Мамлекет башчылары менен Германиянын Федералдык канцлеринин биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды. Тараптар ошондой эле Германиянын ири бизнес өкүлдөрүнүн жолугушуусуна катышты. Касым-Жомарт Токаев жыйында айтылган экономикалык кеңешти түзүү сунушун колдоду. Аталган орган Борбордук Азия мамлекеттери менен Германиянын ортосунда инвестицияларды тартууда, өз ара аракеттенүүнүн туруктуу институттук базасын түзүүдө активдүү роль ойной алат.

Которгон: Назира Бегалиева