Казакстандын химия өнүмдөрүнүн экспорту 2 млрд доллардан ашты

Казакстандын химия өнүмдөрүнүн экспорту 2 млрд доллардан ашты

Былтыр Казакстандын химия өнүмдөрүнүн экспорту 2 миллиард доллардан ашты.  Бул 2023-жылга салыштырмалуу 13%га көп. Тармактын өндүрүшү дээрлик 8% га өстү. Мунай жана газ химиясы өзгөчө күч алууда. Бул багыт 50%дан жогору өсүштү көрсөттү. Быйыл оң тенденция сакталууда. Биринчи кварталда эле өндүрүш 12 жарым пайызга өскөн. Өкмөттө тармакты өнүктүрүү механизмдери иштелип чыкты. Импортту алмаштыруу менен ата мекендик экспортту эки эсеге көбөйтүүгө артыкчылык берилет. Өкмөт башчы белгилегендей, өлкөдө натрий цианидин жана аммоний сульфатын өндүрүүнү кеңейтүү пландалууда. Мындан тышкары, бутадиен, карбамид жана полиэтилентерефталат өндүрүү жолго коюлат.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:

- Өлкөдө химиялык жана мунай-газ тармагындагы 12 ири ишкана бар. Өндүрүштөрдө минералдык жер семирткичтер, органикалык эмес жана органикалык химиялык заттар менен катар өнүмдөрдүн кеңири түрү чыгарылат. Атырау облусундагы иштеп жаткан полипропилен заводу Борбордук Азия регионундагы бул багыттагы ири ишкана болуп саналат.  Өткөн жылы долбоордун II этабынын курулушу башталды. Бул атамекендик өндүрүш өнөр жайынын эң ири долбоору. Ал импорттолгон өнүмдү толугу менен алмаштырып, экспорттун өсүшүн жогорку кошумча нарк менен камсыз кылышы керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков