Актөбөдө койдун жүнүн колдонуунун жаңы ыкмасы табылды. Тагыраак айтсак, малдын жүнүнөн үй жылытуучу материал өндүрүү пландаштырылууда. Чийки зат италиялык технология боюнча иштетилет. Уникалдуу өндүрүш чет элдик инвесторлордун колдоосу менен ишке ашырылат. Долбоордун баасы болжол менен 10 миллион долларды түзөт.
Ерлан Жаңабергенов, ишкананын мүдүрү:
- Албетте, мамлекет тарабынан колдоолор бар. Бизде баштапкы жүндү иштетүү Айыл чарба министрлигине, ал эми аны андан ары кайра иштетүү, Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигине караштуу. Алар бизге сунуш кылган субсидияланган насыяларды берген мамлекеттик колдоо программалары бар.
Облустун бардык райондорунда койдун жүнүн кабыл алуу пункттары ачылат. Эксперттердин айтымында, долбоордун ишке ашуусу чоң таасирин тийгизет, мисалы, ата мекендик дыйкандар чийки затын сата алышат. Райондо жыл сайын үч жарым миң тоннага чейин койдун жүнү алынат. Малдын терилери да иштетилип, андан желатиндүү продукцияларды чыгаруу пландалууда.
Панабек Бимуратов, Актөбө облусунун айыл чарба башкармалыгынын бөлүм башчысы:
- Чогулган жүн сатылбай калгандыктан, чарбалар малдын этин гана сатуу менен алектенишет. Аны бизнеске айландырып алышты. Едилбаев тукумундагы куйруктуу казак койлору көп багылат, цигай тукуму өтө аз.
Келерки жылы даяр продукциянын биринчи партиясын алуу пландаштырылууда. Жаңы өндүрүштүн ишке киришинин эсебинен туруктуу жумуш орундары түзүлүп, райондордо жүндү кайра иштетүүчү борборлор ачылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков