2023-жылы Казакстандагы таш карьерлеринин жарымы
санариптнштирилген. Жалпысынан бул иштер менен 8 аймак камтылган.
Материалдардын бардык касиеттери менен сапатын аныктоо максатында аларды ириктөө,
чогултуу жана изилдөө иштерин казак жол илимий-изилдөө институтунун адистери жүргүзгөн. Алар
чогултулган маалыматтарды жол курулуш материалдарынын жана жаңы
технологиялардын базасына киргизишти. Анын ичинде конкреттүү географиялык
маалыматтарды, өндүрүлүп жаткан чийки заттын физикалык-механикалык
мүнөздөмөлөрүн, пайдалануу аймагын, ээлери жөнүндө маалыматты, жада калса
телефон номерлерин, карьердин көлөмү жана кубаттуулугу жөнүндө маалыматтар бар.
Быйыл Казакстандын дагы 9 облусунда тандоо жана сынама жүргүзүү пландалууда.
Мейрамгүл Кабдыгалиев, жол-курулуш материалдары жана жаңы
технологиялар департаментинин мүдүрү:
- Институт жол тармагынын бардык багыттарын, анын ичинде асфальт-бетон заводун санариптештирүүнү көздөп жатат. Мындан
тышкары, институт көчө жана жол тармактарын санариптештирүү, паспорттоо,
диагностика, көпүрөлөрдү жана башка жасалма объектилерди изилдөө үчүн жаңы
санариптик системаларды киргизүүнү мерчемдеп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков