Улуттук банк жаңы коллекциялык монеталарды тааныштырды

Улуттук банк жаңы коллекциялык монеталарды тааныштырды

Казакстандын Улуттук банкы жаңы коллекциялык монеталарды тааныштырды. Алардын бири AI•KÚN «Сыйкырдуу белгилер» сериясы менен жүгүртүүгө чыкты. Анын дизайны карама-каршылыктар биримдиги түшүнүгүнө негизделген. Күн чечкиндүүлүк менен жигердүүлүктү билдирсе, ай тынчтык менен чыгармачылыктын символу катары чагылдырылган. Бул тыйын күмүштөн жана мельхиордон жасалган. Номиналдык куну 200, 500 жана 5000 теңге. Муну менен катар, «Көчмөндөрдүн сыйынган жаныбарлары – тотемдери» сериясындагы TÚIE монетасы да дал ушу үлгүлөрдө жасалган.

Алмат Басенов, Казакстан Республикасынын улуттук банкынын башкы дизайнери:

- Бул аталган серия менен чыгарылган 6-монеталар топтомосу. Анын дизайнында сак стилинде чагылдырылган жаныбардын көрүнүшү бириктирилген. Көчмөндөр маданиятында төө адамгерчилик менен көз карандысыздыктын, күч-кубат менен чыдамкайлыктын символу болуп саналат. Ошондуктан көчмөн элдер аны өтө урматташкан. Бул монеталардын бардыгын Улуттук банктын интернет-дүкөнүнөн сатып алууга болот.