Казакстанда таланттуу балдарга арналган санариптик платформа ишке кошулат

Казакстанда таланттуу балдарга арналган санариптик платформа ишке кошулат

Казакстанда Smart Daryn улуттук санарип платформасы түзүлөт. Өлкөнүн таланттуу окуучулары менен мугалимдерин колдоо максатында иштелип чыккан долбоорду келерки айда ишке киргизүү пландалууда. Платформа колдонуучуларды улуттук жана эл аралык сынактарга даярдоонун куралына айланмакчы. Электрондук системада тажрыйбалуу педагогдордон онлайн сабактарды жана кеңештерди алууга болот. Мындан тышкары, ар кандай билим берүү жаатындагы бардык процесстердин ачыктыгын камсыз кылуу үчүн аталган аянтчада онлайн олимпиадаларды жана сынактарды өткөрүү коздөлүп жатат. Мындан тышкары, жаңы системанын жардамы менен таланттуу балдар атайын окуу жайларга кирүү экзамендерин тапшыра алышат. Бүгүнкү күндө Казакстанда алардын саны 130дан ашат.

Адилет Картов, «Smart Daryn» санариптик платформасын кураштыруучу:

- Платформа биринчи кезекте жумуш жараянын автоматташтыруу үчүн иштелип чыккан. Негизинен буга чейин олимпиадаларды жана башка билим сынактарын окуу процессине байланыштуу иш-чараларды ар кандай аянтчаларда уюштуруп келгенбиз. Бул маалыматтарга жана сертификаттарды берүүдө кандайдыр бир тоскоолдуктарды жаратат. Керектүү маалыматты алууга мүмкүн болсо да, бул иш көп убакытты талап кылат. Жалпы платформа каалаган жылдын же окуянын серепчилик талдоолорун  түзүүгө мүмкүндүк берет.  Жасалмалуулуктан коргоого көңүл бурулду. Ар бир сертификат, диплом жана документтин белгилүү бир QR коду болот. аны карап чыгып, чыныгы экенин көрүүгө болот.

Которгон: Илгиз Жамалб