Казакстанда «Болашак» стипендиясына талапкерлерди тандоо эрежелери өзгөрөт

Казакстанда «Болашак» стипендиясына талапкерлерди тандоо эрежелери өзгөрөт

Казакстанда эл аралык «Болашак» стипендиясын берүү эрежелери өзгөрдү. Өлкө өкмөтүндө тиешелүү токтом кабыл алынды. Азыр талапкерлерди тандоо үчүн талдоо механизми киргизилген. Ошентип, ушул инновацияга ылайык керектүү упай топтой албагандар кийинки турга автоматтык түрдө киргизилбейт. Конкурстук тандоо үчүн керектүү документтердин тизмесине мотивациялык кат киргизилген. Мындан тышкары, сыноодон өтпөгөн талапкерлерге ошол эле календардык жылда сынакка кайрадан катышуу укугу берилет. Ошондой эле, жаңыдан «мамлекеттик кызматкерлер» деген категория киргизилди. Аларга «магистратура» программасына катышуу үчүн тил сынагынан өтүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Ошондой эле программанын бүтүрүүчүлөрү эмгек стажын Казакстан мүчө болгон Бириккен Улуттар Уюму, ЮНЕСКО, Шанхай Кызматташтык Уюму жана Түрк мамлекеттер уюму сыяктуу эл аралык бирикмелерде өтөө мүмкүнчүлүгү каралган. Жалпысынан бул өзгөртүүлөр эл аралык «Болашак» стипендиясын өркүндөтүүгө жана өлкөнүн ар кайсы тармактарында квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков