Абай обулусунда 500 бала рекорддор китебине кирди

Казакстан түрк тилдүү мамлекеттер арасында жаңы рекорд койду. Абай облусунда биринчи жолу 4-15 жаш аралыгындагы 500 бала биринчи жолу «Ашамайга отуруу» салтына катышты. Бул жетишкендиктин жыйынтыгы Казакстандын рекорддор китебине кирди. Уюштуруучулардын айтымында, даярдык эки айга созулуп, балдарга коопсуздук эрежелерин эске алуу менен атка минүү талаптары менен эрежелери үйрөтүлдү.

 

Анар Садыбекова, мектеп мудүрү:

 

-Идеяны ишке ашырууда ата-энелер, айыл өкмөт башчылары менен биргеликте иш жүргүзүлдү. Бул салтты жандандыруу менен балдардын интернетке, социалдык тармактарга болгон көз карандылыгын азайтуу максаты  аткарылат деп ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков