Казакстан алдыңкы өлкөлөр менен соода-экономикалык байланыштарын кеңейтет

Казакстан алдыңкы өлкөлөр менен соода-экономикалык байланыштарын кеңейтет

Казакстан негизги өнөктөштөрү – Орусия, Кытай, АКШ жана Жапония менен соода-экономикалык кызматташтыгын күчөтүүдө. Мисалы, Орусия менен өз ара товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Ал эми Кытай багыты транзитти жана логистиканы өнүктүрүү үчүн маанилүү. Америка Кошмо Штаттары менен инвестиция тартуу, сейрек кездешүүчү металлдар, навигациялык жана транспорттук технологиялар жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле жаңы экспорттук рынокторго чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Күн чыгыш өлкөсү менен сооданы кеңейтүүгө, анын ичинде Жапонияга казакстандык органикалык өнүмдөрдү жеткирүүгө басым жасалууда. Сооданын негизги милдеттери тууралуу соода жана интеграция министри Арман Шаккалиев айтып берди.

Арман Шаккалиев, Соода жана интеграция министри:

- Орусия багыты боюнча айтсак, биздин алдыбызда товар жүгүртүүнү 30 миллиардга чейин көбөйтүү милдети турат. Кийинки жылы биз Евразия экономикалык биримдигинин органдарында төрагалык кылабыз. Бизде конкреттүү долбоорлор бар - бул өнөр жай кооперациясы жана агроөнөржай, бул транспорт менен логистика. Казакстандын транзиттик түндүк-түштүк дараметин колдонобуз. Биздин, деп аталган, ортоңку коридор. Мына ушундай конкреттүү милдеттер турат. Жапония боюнча дагы билесиздер, үч миллиард АКШ долларына жакын конкреттүү келишим түзүлгөн. Америка багыты боюнча дагы билесиздер, бизде чоң келишимдер бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков