Казакстанда жасалма интеллект технологияларынын негизинде суу ресурстарын башкаруу системасы киргизилет. Аталган демилгеге Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары да катышат. Бул программа суу тартыштыгын жоюуга, суу балансын болжолдоонун тактыгын жогорулатууга жана ресурстарды бөлүштүрүүнү оптималдаштырууга, ошондой эле кургакчылык менен сел коркунучтарын алдын алууга багытталган. Санариптик система түрдүү булактардан алынган маалыматтарды бир топко бириктирип, негизделген башкаруу чечимдерин кабыл алууга шарт түзөт. Бул багытта ата мекендик окумуштуулар менен тармактык министрликтин өкүлдөрү DeepBas долбоорунун пилоттук негиздерин бекемдеп, аны ишке ашыруунун башкы принциптерин талкуулашты.
Нуржан Нуржигитов, Суу ресурстары жана ирригация министри:
– Биз үчүн бул долбоор абдан зарыл. Муну эми өзүбүздүн Академиянын күчү менен башында көрсөтүп, биздин министрлик жана Кытайдан келген кесиптештерибиздин күчү менен, бул системаны ары карай өнүктүрөбүз деп ойлойбуз.
Белгилей кетсек, Казакстан айыл чарбасында тиричиликтин булагын ысырап кылбоого артыкчылык берип келет. Мисалы, 2030-жылга карай жаңы технология менен сугарылуучу аянттарды бир жарым млн гектарга жакындатуу пландаштырылган. Бул болжол менен 2 млрд ашык куб метр сууну үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Башкача айтканда, учурда өлкөдө дыйкандарды мындай алдыңкы технологияларга өткөрүү үчүн мамлекеттик колдоо күчөгөн. Алдыдагы үч жылда суу үнөмдөө технологияларына 214 млрд теңгеден ашык каражат бөлүнмөкчү. Бул көрсөткүч мурунку үч жылга салыштырмалуу төрт эсе көп. Мамлекет башчысынын тапшырмасын аткаруу алкагында, эми инфраструктура менен сугаруу системаларын жакшыртууга жумшалган чыгымдын 80%га чейинки бөлүгү төлөнөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

