Улуттук санариптик инфраструктураны андан ары өнүктүрүү, экономикага жана
социалдык чөйрөгө жасалма интеллектти киргизүү, ошондой эле мамлекеттик
санариптик кызматтардын сапатын жогорулатуу. Мындай милдеттерди Казакстандын
президенти жаңы дайындалган Премьер-министрдин орун басары – жасалма интеллект
жана санариптик өнүгүү министри Жаслан Мадиевдин алдына койду. Касым-Жомарт
Токаев ошондой эле кадрларды даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп, эл аралык
кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мамлекет башчысынын дагы
бир тапшырмасы – республиканы санариптик мамлекетке айландыруу боюнча кайрылуунун
артыкчылыктуу максатын ишке ашыруу болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

