Казакстанда жеке
адамды ырастоо системасы күчөтүлүп, манжа изи, бет түзүлүшү жана үн сыяктуу
биометриялык ыкмалар мыйзам жүзүндө колдонулмакчы. Өлкө Мажилиси жаңы
санариптик кодекс жана коштоочу мыйзам долбоорлорун биринчи окууда жактырды. Ал
ЭЦКнын укуктук макамын электрондук түрдө кол коюунун жалгыз ыкмасы деп бекитет.
Мындай документтер кагаз нускасы менен теңештирилет. Ошону менен катар,
мамлекеттик базалардан жүктөлгөн санариптик документтер тек гана көрсөтүлгөн
учурда түп нуска болуп саналат. Ал эми расмий булактардан алынган мыйзамдуу
мааниси бар маалыматтар санариптик маалыматтар категориясына киргизилет. Кодекс
долбоору ар кандай мамлекеттик же ири санариптик системанын иштөө сапатын
көзөмөлдөп турууну көздөйт. Функционалдык аудит - санариптик системанын
максатына канчалык деңгээлде ылайыктуу иштеп жатканын текшерет. Киберкоопсуздук
аудити - системанын хакерлердин чабуулуна туруктуулугун, маалыматтардын
корголушун сынайт. Ал эми жөнгө салуучу аудит - системадагы процесстердин
Санариптик кодекстин талаптарына шайкештигин карайт. Бул система санариптик
мамлекетти ачык, көзөмөлдөнүүчү жана коомго отчет бере турган кылат.
Екатерина Смышляева,
Парламент мажилисинин депутаты:
- Мыйзамга «санариптик
ортомчу» түшүнүгү да киргизилет. Башкача айтканда, эмгек платформалары,
маркетплейстер, кызмат агрегаторлору, административдик санариптик сервистердин
иш тартибин так белгилөөгө жол ачат. «Санариптик далилдер» түшүнүгү биринчи
жолу киргизилип жатат. Бул аларды жарандык укуктук мамилелерде жана сот
процесстеринде пайдалануу мүмкүнчүлүгүн ачат. Санариптик жазууларды,
журналдарды жана транзакцияларды мыйзамдык мааниси бар булактар катары таанууга
мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

