Казакстанда суу чарба инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда

Казакстанда суу чарба инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда

Кырдаал көзөмөлдө: Казакстандын бардык суу сактагычтары бекитилген график боюнча иштеп жатат. Объектилерде суунун деңгээлине күнү-түнү мониторинг жүргүзүлөт. Мындан тышкары, тармактык мекемеден билдиришкендей, бош сыйымдуулукту камсыз кылуу үчүн суу сактагычтардан сууну агызуу улантылууда. Бул анын коопсуз өтүшүн камсыз кылат, дешет адистер. Жазгы суу ташкындарына даярдык көрүүнүн алкагында гидротехникалык курулмалар реконструкцияланууда. 2024-жылы өлкөдө мындай 74 объект оңдолгон. Быйылкы жылга да чоң көлөмдөгү иш мерчемделген.


Аңсаган Ермек, Суу ресурстары жана ирригация министрлигинин коомчулук менен байланышы бөлүмүнүн серепчиси:


- Өлкөнүн 16 аймагында 384 дамба оңдолуп, жалпы узундугу 584 чакырым тургузулган. Жергиликтүү акимиаттар менен бирдикте 57 облустун 84 калктуу пунктунда коргоочу дамбаларды жана гидротехникалык курулмаларды куруу, реконструкциялоо жана калыбына келтирүү боюнча 6 долбоор ишке ашырылууда. Бул иштер 359 миң адамдын коопсуздугун камсыз кылат. 2024-жылы Казакстандын 84 облусундагы 14 суу чарба объектисинде көп факторлуу изилдөө жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө 105 гидро курулмаларда көп факторлуу изилдөө иштери мерчемделүүдө.


Которгон: Илгиз Жамалбеков