Казакстанда мектеп окуучулары үчүн улуттук ашкананын элементтери жаңы менюга киргизилет. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги атайын буйрук даярдап, анда билим берүү мекемелериндеги тамак-аш стандарттары кайрадан каралды. Тамактардын тизмеси эл аралык талаптарды эске алуу менен түзүлгөн, анын аркасында балдар коопсуз, сапаттуу жана негизгиси туура тамактануу менен камсыз болушат. Менюну иштеп чыгууга нутрициологдор жана медициналык билими бар адистер алектеништи. Ошентип, балдар курамында туз, кант жана май камтыган азыктардын ордуна витаминдерге жана микроэлементтерге бай жашылча-жемиштерди көбүрөөк жей алышат. Окуучуларга уй эти жана сыр, ошондой эле бышырылган жылкы эти, майлуулугу аз айран, жент сунушталат.
Лилия
Карпусевич, Нутрициолог:
- Жаңы меню мага
абдан жакты жана биздин туура тамактануу учурларыбыз элдин аң сезимине барган
сайын кеңири жайылып баратканына кубанычтамын. Бул жент. Менин оюмча, бул
балдар үчүн эң жакшы таттуу, сапаты жана курамы боюнча чет элдик белгилүү
бренддерге караганда алда канча жакшы. Балдар ырахаттануу менен жешет. Анын
курамында кайнатылган сүт жана кант бар, албетте, аны колдонууну чектөө керек.
Менюда жылкынын эти дагы бар. Ал пайдалуу витаминдерге, темирге абдан бай. Бул
балдар үчүн абдан маанилүү. Анткени азыркы учурда көптөгөн балдарда темир
жетишсиздик анемиясы байкалат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

