Касым-Жомарт
Токаев Дональд Трампка казакстандык товарларга 25 пайыздык бажы салыгын
киргизүү боюнча жооп катын жөнөттү. Мамлекет башчысы Казакстандын АКШ менен
эбактан бери келе жаткан соода жана инвестициялык өнөктөш катары адилеттүү,
болжолдуу жана өз ара пайдалуу соода байланыштарын өнүктүрүүгө умтуларын баса
белгиледи. Казакстандын президенти рационалдуу чечим иштеп чыгуу үчүн
конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин ырастап, соода көйгөйү боюнча
компромисске жетишүүгө ишеним билдирди.
Которгон: Назира Бегалиева

