Көргөзмөдөгү  медицина тармагындагы инновациялар

Астанадагы Innoprom Kazakhstan көргөзмөсүндө медицина тармагындагы заманбап ыкмалар жана инновациялар көрсөтүлдү. Ата мекендик иштеп чыгуучу өз долбоорунда жасалма интеллект алгоритмин колдонуу менен көз ооруларын аныктоочу уникалдуу системаны ойлоп тапкан. Бүгүнкү күндө 36 000 ден ашык бейтаптар диабеттик ретинопатияны же башка патологиялык симптомдорду изилдөө үчүн ноу-хаунун жардамына кайрылышкан жана текшерүүдөн өткөн. Жыйынтыгында алардын 10 миңинде көз ооруларынын алгачкы белгилери байкалган. Заманбап медициналык кызматтарды алуу үчүн казакстандыктар жашаган жери боюнча катталган клиникага гана кайрылышы керек. Ал жерде дарыгерлер көздүн астын атайын камеранын жардамы менен сүрөткө тартып алышат. Ал ошол замат системага жүктөлөт жана жасалма интеллект автоматтык түрдө сүрөткө экспертиза жүргүзөт. Бул процедура болгону 5-7 мүнөткө созулат. Жыйынтыктын тактыгы 91 пайыздан ашат. Эми казакстандыктар мындай скринингден өлкөнүн 24төн ашык клиникасынан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Жанибек Еркебулан, көздүн астын изилдөө системасын иштеп чыгуучу компаниянын мүдүрү:
-
Системаларды ишке киргизген сайын, биз түзмөктөрдү коштук. Бейтап терапевттин жолдомосун алып, скрининг процедурасынан өтө турган дарыгерге барышы керек. Скринингдин алкагында көздүн астынын башка патологиялары, атап айтканда, глаукома, жаш курактык молекулярдык дегенерация, торчонун оорулары, көздүн торчосунун кан тамыр ангиопатиясынын пайда болушу аныкталган. Мунун баары корутунду баскычында дарыгер тарабынан аныкталды. Бул жаатта илдетти тереңирээк аныктоого мүмкүнчүлүктөр берилди. Биздин долбоор илимий фонд тарабынан каржыланды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков.