Бугу айынын 29-30 күндөрү Казакстанда Астана эл аралык
форуму өтөт. Жыйынга Бириккен Улуттар Уюмунун чоң делегациясы катышат. Аталган
уюм форумдун стратегиялык өнөктөшүнө айланды. Уюмдун Казакстандагы туруктуу
координаторунун милдетин аткаруучу Стивен О' Малли белгилегендей, дүйнөдөгү
геосаясий чыңалуунун шартында Астана эл аралык форуму конструктивдүү диалог
жана актуалдуу маселелерди чечүү үчүн негизги аянтчга айланды. Ошондой эле
масштабдуу иш-чаранын алкагында жаңы идеяларды сунуштоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул
өлкөнүн тынчтыкка жана жыргалчылыкка болгон кызыгуусунун дагы бир далили.
Стивен О’Малли, Казакстандагы БУУнун туруктуу
координациясынын милдетин аткаруучу:
- Казакстан географиялык жактан гана эмес, саясий жактан да батыш менен чыгышты, түндүк менен түштүктү, бириктирген көпүрөгө айланды. Казакстан дүйнөнү таанытууда чоң роль ойнойт. Астана эл аралык форумуна даярдыктын деңгээлин, анын күн тартибин көрүп жатабыз. 30га жакын панелдик сессия болот. Жогорку деңгээлдеги коноктор чакырылган. Форум диалог үчүн мыкты аянтча болот деп ойлойм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

