Казакстанда сугат сезону аяктады. Өлкөнүн бардык айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн суу менен камсыздоо боюнча арыздары толугу менен канааттандырылды. Бул тууралуу суу ресурстары жана ирригация министрлигинен билдиришти. Алардын маалыматында, Түштүк региондорунун дыйкандарына талааларды сугаруу үчүн 11 млрд куб метрге жакын суу берилди. Сугат жерлеринин жалпы аянты 1,2 млн гектарды түздү. Бул бардык керектүү суу алуунун 97% түзөт. Жалпысынан тармактын адистери өткөн вегетация мезгилинин көрсөткүчтөрү жакшы болгон деп ырасташат. Ошентип, Түндүк Арал деңизине быйыл 1 млрд куб метрден ашык суу багытталды, бул пландык көлөмдөн үч эсе көп. Ал эми Шу жана Талас дарыяларынын бассейнинде дыйкандардын өтүнүчтөрү толугу менен жүзөгө ашырылды. Балхаш-Алакөл бассейни боюнча бул этап ийгиликтүү өттү. Суу ашыгы менен жөнөтүлдү. Өлкөнүн башка суу объектилери боюнча, бул чарба өткөн жылдардын деңгээлинде жүргүзүлгөн, деп айтылат министрликтин отчетунда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков