«Талаа живописи: символдор, боёктор, образдар». Астанада өлкөнүн Улуттук музейинин 10 жылдыгына арналган көргөзмө өтүүдө. Көргөзмөгө казактын улуттук көркөм сүрөт искусствосунун көз жоосун алган сүрөттөрү коюлган. Атап айтканда, Казакстандын көрүнүктүү искусство чеберлеринин легендарлуу чыгармалары, ошондой эле, жаш жана таланттуу авторлордун заманбап эмгектери сунушталды. Жалпысынан 250дөй сүрөт бар. Алар элдик көркөм кол өнөрчүлүк жана улуттук музыкалык аспаптар менен толукталды.
Айбек Сыдыков, Улуттук музейдин мүдүрүнүн милдетин аткаруучу:
- Улуттук музейибизде 14төн ашык коллекция, 200 миңден ашык экспонат сакталуу. Анын баарын көргөзмө аянтында көрсөтүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, алардын айрымдарын ушундай көргөзмөлөр аркылуу Астана шаарынын тургундары менен конокторунун назарына сунуштап турабыз.
Ольга Батурина бүткүл өмүрүн көркөм искусствого арнаган. Ал 30 жылдан бери университетте сабак берип, казак живописинин өнүгүү тарыхын изилдеген бир эмес, бир нече муун сүрөтчү студенттерди тарбиялап өстүргөн. Андыктан бул көргөзмөдө биринчи экскурсияны өткөрүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүнө абдан ыраазы.
Ольга Батурина, Көргөзмөнүн куратору:
- Мурдагы чыныгы казак өнөрү музыка экенин унутпашыбыз керек. Ошондуктан казак сүрөт өнөрүндөгү же колдонмо искусствонун ар бир буюм менен картинада музыка сезилип турганы жашыруун эмес. Бул жерде ар бир сүрөт маанилүү. Себеби, автор да казак сүрөт өнөрүнө изин калтырган жана анын картиналары да абдан керемет. Алардын жанры менен стили ар кандай болушу мүмкүн. Биз Улуу Талааны, Ата мекенибизди, улуттук баалуулуктарыбызды жана жаратылышыбызды чагылдырган сүрөттөргө артыкчылык бердик. Айрыкча бул пейзаждарда казактын руху менен философиясы чагылдырылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков