Казакстан менен Германиянын илимий кызматташтыгы

Казакстан менен Германиянын илимий кызматташтыгы

Агробиология, медицина, сууну пайдалануу, «жашыл» энергетика, коомдук илимдер. Бул маанилүү багыттар боюнча Казакстан менен Германиянын окумуштуулары биргелешип изилдөө жүргүзмөкчү. Бул максатта Алматыда илимий борбор иштей баштайт. Аталган борбор жакында ишке кирди. Өз ара аракеттенүүнүн негизги максаты - жаш окумуштууларды колдоо, алдыңкы тажрыйба менен алмашуу жана заманбап көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издөө. Адистердин айтымында, борбор Казакстан менен Борбор Азияны камтыган илимий тармактын бириктирүүчү звеносу болууга тийиш.

Ляззат Ерелиева, Президент алдындагы улуттук илимий академиясынын вице-президенти:

– Бул борбор бүткүл Борбор Азия боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт. Алдыдагы  үч жылда эки негизги багыт – климаттын өзгөрүүсү жана суу ресурстары жаатындагы изилдөөлөр аныкталды. Биз тогуздун айында Усулдук бөлүм Илимдер академиясында Казакстан-Кытай борборун ачабыз. Ал эми лаборатория университетте топтоштурулду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков