Караганды фармацевтика комбинаты «Спутник Light» вакцинасын чыгарууну баштады. Орусиянын Гамалея илимий-изилдөө институту тарабынан ревакцинациялоо үчүн иштелип чыккан дары өткөн жылдын ортосунда Казакстанда катталган. Анын натыйжалуулугу 79,4 пайыз деп далилденген. Бүгүнкү күндө вакцинанын валидациялык партиясы иштелип чыгып, сапатын көзөмөлдөө үчүн Орусияга жөнөтүлдү. Белгилей кетсек, Караганды фармацевтикалык комплекси буга чейин казакстандыктарды коронавирус инфекциясына каршы эмдөө үчүн «Спутник V» вакцинасын чыгарууну колго алган. 2021-жылдын бирдин айынан бери комплекс 7 миллион доза вакцинаны чыгарды. Учурда калкты ревакцинациялоо үчүн бир компоненттүү Спутник Лайт препаратын чыгарууну баштады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков