БУУнун коопсуздук кеңеши эл аралык саясаттагы чакырыктарды алдын алуу жана чечүү үчүн алсыздык таанытууда. Бул тууралуу Казакстандын президенти Катар экономикалык форумунун атайын панелдик сессиясында билдирди. Суроо-жооп түрүндөгү ачык талкуунун жүрүшүндө Казакстандын президенти эл аралык саясаттын чакырыктары, өзгөчө Европадагы геосаясий конфликттердин контекстинде, орус-украин чатагына байланыштуу окуялар боюнча бир катар суроолорго жооп берди. Казакстандын президенти сүйлөшүүлөрдү улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп өттү. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, бул жаңжалды чечүү үчүн тараптардын эрки керек.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- БУУ эч качан мындай ыңгайсыз кырдаалга кабылган эмес. Кансыз согуш мезгилинде да Бириккен улуттар уюмунун биримдиги алда канча күчтүү болгон. Мен уюмдун келечегине абдан тынчсызданам. Ошол эле учурда көп кырдуу саясатка ишенем. Бул жаатта эл аралык коомчулук биримдикти жана кызматташтыкты көрсөтүп, эки өлкө тынчтык жолу менен бир бүтүмгө келүү үчүн оң салым кошушу керек деп эсептейм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков