Боордош мамлекетке жардам колун сунуу максатында өлкөдөн 12 ыктыярчы элдин аманаттарын алып келишти. Кабарчы Нурбек Бекбау баштаган топ жабыр тарткандарга боз үйлөрдү тигип жатат. Катуу жер титирөөнүн чордонуна айланган Кахраманмараш аймагына алгач 30 боз үй жеткирилди.
Нурбек Бекбау, ыктыярчы:
- Бул жерге боз үйлөрдүн алгачкылары келип, орнотулуп жатат. Ал бизден үч-төрт күн мурун келген. Эми эртең 84 боз үй келет.
Эскерте кетсек, казакстандык жаран Түркияга жардам көрсөтүү максатында атайын эсеп ачкан. Казакстандыктар бул демилгени колдоп, 50гө жакын боз үй жана тиричилик буюмдарын сатып алышты. Ата мекендик ишкерлер да четте калбай дал ушунча боз үйлөрдү жөнөтүштү.
Нурбек Бекбау, ыктыярчы:
- Азыркы учурда сыртта аба ырайы -17. Абдан суук. Боз үйдү тигип алдык. Ичиндебиз, ошентсе да суук. Эксперименталдык түрдө текшерип жатабыз. Башкача айтканда, жууркан-төшөк жана меш керек экенин түшүнүп жатабыз. Бирок, бул боз үйгө 20дан кем эмес киши батат, бул да болсо көңүл жылытаарлык.
Түркиялыктардын кайгысын тең бөлүшкөн кайрымдуу Казакстандын калкы чогулткан гуманитардык жардам 6 күндүн ичинде өлкө боюнча 15 тоннадан ашты. Жардам берүү өнөктүгүнүн алкагында 1,5 миллион долларга жакын акча чогулду. Мындай аракет дагы да уланууда. Белгилей кетсек, табигый кырсык болгон жерге жөнөтүлгөн 100гө жакын казакстандык куткаруучулар урандылардын астынан аман калган жети адамды куткарып, 53 адамдын сөөгүн табышкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков