Астананын коомдук транспортунда жаңы таанып-билүү долбоору ишке кирди. Эми жүргүнчүлөр автобустарда казак маданияты менен тарыхына олуттуу салым кошкон ишмерлердин өмүрү жана эмгектери тууралуу маалымат ала алышат. Улуттук баалуулуктарды жайылтууга багытталган демилгенин алкагында 500дөн ашык автобус тартылган. Алар 84 багытта каттайт. Уюштуруучулар мындай кадам менен коомдук транспортту кыймыл каражаты эле эмес, муну менен катар маданий жана руханий жаңылануунун платформасына айландырууну көздөп жатат.
Сакен Есиркеп, Астана шаарынын тилдерди өнүктүрүү жана
архив иши башкармасынын жетекчиси:
- Бүгүнкү күндө биз 55 ири инсанды көчөлөр боюнча тандап алдык,
алардын атайын аудиосун даярдап, 20 секунд, 30 секунд колөмүндө ошол инсан
тууралуу кыскача гана маалымат беребиз. Азыркы учурда калк тарабынан абдан
жылуу кабыл алынгандай сыяктуу сезилет, социалдык тармактарда бөлүшүп, интернетте,
жеке аккаунттарында айтып жатат. Бизге кайрылгандар абдан көп. Мунун баары инсандын
аты менен гана чектелбестен, аларды мүмкүн болушунча даңазалоо максатын
көздөйт.
Жүргүнчүлөр аудио билдирүүлөр улуттук маданиятты жана тарыхты жайылтуунун натыйжалуу каражаты деп ырасташат. Мындай долбоор чоңдордун да, жаштардын да билим деңгээлин кеңейтет.
- Хандарыбызды даңазалап, алар илгери кандай болгону, мунун
баары казакча тарбия үчүн жаштарга керек. Көбү Европаны туурап кетти.
- Жалпысынан, мага биринчи укканда абдан жакты. Анткени
мен өз өлкөмдүн патриотумун. Экинчиден, биздин өспүрүмдөр болсун, аларга жакшы
маалымат керек деп ойлойм.
- Мындай билдирүүлөр автобустарда көп болушу керек деп эсептейм. Себеби бул биздин өз тарыхыбызды билүүгө, билимибизди жогорулатууга чоң жардам берет деп ойлойм. Мындай билдирүүлөр аркылуу биз өз өлкөбүзгө болгон патриоттук сезимди арттыра алабыз деп ишенем.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

