Ата Мекенди коргоочулар күнүн утурлай Астанада 120 жоокерге ылайыкталган жаңы казарма пайдаланууга берилди. Бул аскер бөлүгүндө десанттык-чабуулчу бригадасы жайгашкан. Мында катардагы жоокерлер жана контракттык аскер кызматчылары окутулуп, тактикалык машыгууларды өткөрүшөт. Куралдуу күчтөрдүн арасында өз милдетин так аткарып жаткан төрт буттуу куткаруучулар бар. Жыт сезүүчү иттер каракчылар жашырган жардыргыч заттарды бат эле таап алышат.
Мурат Алытнов, кинолог:
- Даярдык ушул жерде болот. Минаны табууга даярдайбыз. 1 жаштан баштап 6-7 жыл кызмат кылат.
Аскердик полигондо жоокерлер атайын прикладдык көнүгүүлөрдүн комплексин жасап, даярдыктарын өркүндөтүшөт. Ал эми бул аянтчада зениттик-ракеталык комплексти колдонуу чеберчилиги сыналат. Мындай кыйратуучу куралдын жардамы менен учак, дрон сыяктуу жапыз учуучу объектилерди заматта жок кылууга болот.
Жоокерлер оор артиллериялык курал менен иштөөнү да өздөштүрүшөт. Ата мекен коргоочулардын кызматында заманбап телероботтор да бар.
Аян Жиентаев, аскер дивизиясынын командири:
- Ал чоң мааниге ээ объекттерде радиациялык, химиялык жана биологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө арналган. Башкаруу блогу аркылуу миң метр аралыктан башкарылат. Булганган жер адамдын организмине зыяны жок экенин аныктагандан кийин гана, ал жерге аскер кызматкерлери кирет.
Коопсуздук үчүн аскер бөлүгүнө видеокөзөмөл камералары орнотулган. Казакстанда жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо чет өлкөлүк алдыңкы тажрыйба колдонулуп, мыкты билим берүү программалары киргизилүүдө.
Султан Камалетдинов, Коргоо министрлигинин вице-министри:
- Казакстанга башкысы мобилдүү, согушка жөндөмдүү, толук жабдылган Куралдуу Күчтөр керек. Бизде курал-жарактарды жана ок-дарыларды чыгаруучу, ошондой эле курал-жарактарды жана аскердик техникаларды оңдоочу коргонуу өнөр жай комплекси бар. Мындан тышкары курал-жарактарды Түркиядан, Кытайдан, АКШдан жана башка өлкөлөрдөн да сатып алабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков